Санариптик трансформация заманбап дүйнөдө өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды. Санариптик доордо өлкөлөр жана компаниялар кызматтарга жетүүнү жакшыртууга, процесстерди ыңгайлуу жана натыйжалуу кылууга умтулууда.
MBANK Кыргызстандын банктарынын ичинен биринчи болуп, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте санариптик бурулуш жасады – бардык кыргызстандыктар үчүн электрондук санариптик кол тамганы онлайн алуу!
Бул мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана процесстерди тездетүүгө карай жасалган революциялык кадам. Кыргызстандын жарандары электрондук кол тамгасын алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барууга жана узун кезекке турууга милдеттүү болбой калды. Эми бул процессти MBANK мобилдик тиркемесинин жардамы менен ыңгайлуу убакта ишке ашырууга болот.
Электрондук санарип кол тамга деген эмне?
Электрондук санарип кол тамга (ЭСКТ) кол жазма кол тамганын аналогу, бирок электрондук форматта. Анын юридикалык күчү кагаздагы кадимки кол коюуга барабар. ЭСКТнын жардамы менен сиз бир катар мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта ала аласыз:
MBANK аркылуу ЭСКТ кантип алса болот?
Бул инновациянын негизги аспектилеринин бири - аны акысыз жана тез алуу. MBANK бул инструментти бардыгына жеткиликтүү кылат, бул Кыргызстанды дагы да көбүрөөк санариптештирүүгө өбөлгө түзөт.
Жакынкы келечекте MBANK тиркемесинин колдонуучулары үчүн ЭСКТ көптөгөн артыкчылыктарды ачат, мисалы:
Жалпысынан MBANK тиркемеси аркылуу электрондук санариптик кол тамганы алуу мүмкүнчүлүгү кеңири перспективаларды ачып, өлкөнүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, процесстерди ыңгайлуу кылууга, убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө түзөт. MBANK Кыргызстандын жарандарына санариптик келечекке катышуунун ачкычы менен камсыз кылып, бул жаатта биринчилерден болуп бара жатат.