Ырчы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени жеңип, Бишкекке кайтып келди. Аэропортто аны жакындары, күйөрмандары тосуп алды.
"Чынын айтсам мен барганда эле аябай таң калдым. Себеби уюштуруучулар айтышты "Сенин сүрөтүңдү чыгарганда эле 9 айым баш тартышты" деп. Мен аябай таң калдым. "Неге баш тартышат?" десем "Ушул айым утат экен деген ой болду" деп айтышыптыр. Мен аябай сүйүнүп калдым. Бирок өзүмдү алдай бербейин деп өзүмө сөз бердим", - деди Айгерим Расул кызы.
Маекти толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрө аласыздар.