Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган 64 жаштагы жаран 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, шектүүнү 12 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү Нарын райондук соту чыгарган. Бирок жабырлануучу тарап бул чечимге нааразычылыгын билдирип, макул болгон эмес.
"25-сентябрда жабырлануучу тараптан облустук сотко апелляциялык арыз келип түштү. Кийинки жумада бул маселе каралат", - деди облустук соттун басма сөз кызматы.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал ушул эле күнү саат 12:00 чамасында окууга кеткен боюнча кайра үйүнө кайткан эмес. Анын жансыз денеси айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн кечки саат 22:10до табылган. Кыздын денесинде зомбулуктун белгилери байкалган.
Аталган кылмышка шектелип ушул эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган. Ал жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган.