Ош ОИИБнин 3 кызматкери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу, Ош ОИИБнын кызматкерлеринин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.
Ага ылайык, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош ИИБнин Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга которушкан. Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлык алуу үчүн документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезекке коюшкан", - деп айтылат маалыматта.
Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.