Ырчы Айгерим Расул кызы катышкан "Дүйнө айымы" сынагы 2024-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Сынактын шарттарына ылайык, кезектеги "Дүйнө айымы" сынагы жеңүүчү болгон катышуучунун өлкөсүндө өтөт.
Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагына 12 өлкөдөн 40 катышуучу катышкан. Сынак үч категория менен өтүп, Кыргызстандан барган Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" аталган.