Ырчы Азиз Баатыров жаңы кызматка дайындалды

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, дастанчы Азиз Баатыров жаңы кызматка дайындалды. Мындай маалымат ырчынын өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, ырчы буга чейин Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары болчу.

"Эми ушул эле университеттин маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалдым. Дайындалганыма 4-5 күндөй болуп калды", - деди Азиз Баатыров.

Азиз Баатыров эл аралык сынактарда Кыргызстандын желегин желбиретип келет. Ошондой эле ырчы "Ынтымак" тобун жетектеп, жаш ырчыларды тарбиялап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-10-01 20:49:00
Азиз ука мартабаң мындан да жогорулатылган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан