Ташкент эл аралык кинофестивалында Кыргызстан үч байгени утту

Ташкент эл аралык кинофестивалында Кыргызстан үч байгени утту. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал билдиргендей, жаш актёр Дастан Айбек Ташкент эл аралык кинофестивалында “Мыкты актёр” номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ал режиссёр Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмасынын башкы каармандардын биринин образын жараткан.

Ал эми “Эсимде” тасмасында мыкты ролду жаратканы үчүн сыйлык Таалайкан Абазовага тапшырылса, кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Түрк дүйнөсүнүн кинематографисттеринин конфедерациясынын сыйлыгы ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан