Байыш Момунов менен Клара Алибекова дуэт аткарып чыгабы? Ырчынын жообу

Жакында эле интернет желесинде эстрада ырчылары Байыш Момунов менен Клара Алибекованын бирге дуэт аткарып чыккан видеосу тарады. Экөө кайрадан дуэт аткарып чыктыбы? Чыгармачылык кайрадан бириктирдиби? деген өңдүү көпчүлүктү кызыктырган суроо менен Байыш Момуновго кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.

"Негизи жарыяланган видео тартылганына көп убакыт болду. Байэл уулумдун чакыруусу менен бөлөсүнүн тоюна ырдаганы барып, уулум экөөбүз дуэт аткарганбыз. Анан ошол тойдогу коноктордун суранычы менен Клара экөөбүз 1-2 дуэт аткарып бергенбиз. Эми ортодо уулубуз тургандан кийин мамилебиз сый, саламыбыз түз.

Экөөбүз тең чыгармачылыкта жүргөндөн кийин кээде бир тойдо кызмат кылып калган учурлар болушу мүмкүн. Себеби той ээси кайсы ырчыларды чакырганын деле билбейсиң да, кээде билбей эле барып бир тойдо кызмат кылып калабыз. Андан башка эч кандай байланышыбыз жок. Мен өзүмдүн чыгармачылыгым менен, Клара өзүнүн чыгармачылыгы менен алек", - дейт Байыш Момунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан