Кечээ, 3-октябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2023" сынагы болуп өттү. Аталган сынакта жылдагыдан өзгөчөлөнүп 3 сулуу жеңүүчү аталып таажы кийишти. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Быйылкы жылы өткөн сулуулар сынагында жылдагыдан өзгөчөлөнүп 3 сулууга 3 таажы ыйгарылды. Алар:
"Кыргызстан сулуусу-2023" Гран-при наамы Калбердиева Акылайга ыйгарылса, "Кыргызстан сулуусу-2023" наамы Мая Турдалиева жана Айпери Кеңешбекова аттуу сулууларга ыйгарылды", - деп билдиришти сынактын уюштуруучулары.