"Апам жалгыз". Ырчы Малика-Дина күйөрмандарынан кечирим сурады (видео)

Эстрада ырчысы Малика-Дина алдыда пландаган концертинин убактысы жылдырылганын айтып, күйөрмандарынан кечирим сурады.

Ал таенеси каза болгонун айтып, алдыдагы пландалган концертинин убактысы жылдырылганын билдирди.

"Урматтуу менин күйөрмандарым. Өзүңүздөр билгендей эртеңден баштап менин концерттик турум башталмак. Бирок кечээ, 8-октябрда кайгылуу кабар келди. Мени баккан таенемди жоготуп алдык. Ар бир адамдын башында мындай нерсе болот экен. Апам жалгыз. Мен бул жерден кете албаганым үчүн сиздерден кечирим сурайм. Кыркы чыкмайынча убактысын жылдырганга туура келип жатат, бардыгыңыздардан кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды суранам", - деди ырчы.

Ошондой эле ал концертке сатылган билеттер убактысы өтсө дагы жарактуу боло турганын айтты.

Буга чейин Кыргыз Эл артисти Динара Акулованын апасы каза болгондугу маалымдалган.

Ырчы Малика-Дина күйөрмандарынан кечирим сурады 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан