"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов декабрга чейин камакта калды

Ишкер жана “Мадина” базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Сотто Турсунтай Салимов өзүн жаман сезгендиктен "Тез жардам" чакыртылып, аны алып кетишти. Эми ал декабрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Турсунтай Салимов жекшемби күнү, 8-октябрда кармалган. Ал 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Анын криминалдык төбөл менен байланышы бар экени жана анын досу болгондугу айтылган. Бирок ишкер өзү муну четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан