Бүгүн эстрада ырчысы, "Дүйнө айымы" Айгерим Расул кызы 32 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы айымды куттуктап, байланышка чыгып маанайы менен бөлүштү.
"Туулган күндүк маанайым абдан сонун. Өздүк майрамымды үй-бүлөмдүн, жакындарымдын курчоосунда өткөрүп жатам", - дейт ырчы.
Ырчы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган.
3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган.
Учурда үй-бүлөлүү, жолдошу Азамат экөө 3 баланы тарбиялап жаткан учуру.