17-21-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлады.
Маалымдалгандай, фестивалдын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форум, беш мастер-класс жана Орто Азиянын питчинг лабораториясы уюштурулат.
Кыргызстандан улуттук сынакка 8 тасма катышат. Ал эми эл аралык сынакта дүйнө жүзүнөн 10 тасма байге үчүн ат салышат. Жалпы байге фонду 3 миллион сом.
"Сынакка катышкан кинолор 18-19-20-ноябрда көрсөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.