Кыргыз мушкерлери кулатуу боюнча Азия чемпиондугунда триумф жаратышты

Жакында Ош шаарында ММА-кулатуу боюнча Азия чемпиондугу өттү. Бул кечте Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын мушкерлеринин ортосунда (митингди угуп, орусиялыктар келбей коюшту) катуу тиреш болду. Кызыгы, ойнотулган 14 чемпиондук курдун 13 даанасын мекендештерибиз тагынышты. 75 килограмм салмакта Таалайбек уулу Мухамад гана казак мушкерине утулуп, чемпиондуктан куру калды. Чемпион аталгандар төмөнкүлөр: Жолдошбек уулу Абдрашид (60 килограмм, "Жаш күч" клубу), Тынчтык Имимжанов (60, "Жаш күч"), Рустам Лайков (65, "Ош Азия"), Салмоор Эргешалиев (65, "Жаш күч"), Абакир уулу Бекдөөлөт (70, "Мухаммед Умар"), Мелис Бактыбаев (70, Жалал-Абад облусу), Жумабек уулу Актилек (70, "Боец"), Рахманберди уулу Төлөгөн (75, "Мухаммед Умар"), Закир Мырзаев (80, "Алыш"), Мирбек Исраилов (85, "Озгур"), Талгат Арзыбаев (85, "Озгур"), Данияр Камалов (85, "Озгур"), Кылычбек Саркарбаев (+95, "Мухаммед Умар"). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан