"Газпром Кыргызстан" Бишкектеги Селекционное айылын газдаштырды (фото)

«Газпром Кыргызстан» компаниясы республиканы жигердүү газдаштырууну улантууда. Жылытуу мезгилинин алдында компания Чүй облусунун Селекционное айылына жаратылыш газын берди. Мында узундугу 7,5 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Бул дагы 3,5 миң адамга турмуш-тиричилик шарттарын кыйла жакшыртууга жана үйлөрүн экологиялык таза энергия менен жылытууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү айылдын биринчи абоненттерине жаратылыш газын ийгиликтүү технологиялык ишке киргизүү аземи болуп өттү. Тарыхый иш-чарага жергиликтүү тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилиги катышты.

"Көгүлтүр отун" берүү күнү айылдыктар үчүн чыныгы майрамга айланды. Бул жаңы, ыңгайлуу жашоонун башталышы, деп белгилешет алар. Ушул убакытка чейин, Селекционное айылынын жашоочулары үйлөрүн жылытуу үчүн көмүр жана отун жагып келишкен, демек дайым үйдө болуп, отту көзөмөлдөп, көмүр ташып, мештерге кам көрүүнү талап кылынчу.

Айылдын тургуну Мария Жолдошова өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү: «Кыш мезгилинде биздин конуштун абасы эң булганган болчу. Түтүн бүт айылды каптап калчу. Аллергиядан, дем алуу органдарынын ооруларынан абдан кыйналдык. Эми мунун баары артта калды. Газ жашообузду кыйла жеңилдетип, эми үй чарбасынын көптөгөн маселелери тезирээк жана оңой чечилет. Бизге жаратылыш газы келгенине абдан кубанычтабыз. «Газпром Кыргызстан» компаниясына чоң рахмат».

Белгилей кетсек, жаңы конуштарды газдаштыруу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылууда. Үстүбүздөгү жылдын башында газ 3 калктуу конушка: Бишкектеги «Кырман» жана «Ак-Тилек-2» жаңы конуштарына, ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка айылынын 1-тилкесине берилди. Жылдын аягына чейин компания дагы 9 калктуу конушта иштерди бүтүрүүнү пландаштырууда.

Орок айыл өкмөтүнүн жашоочусу Асылбек Адылбеков: "Бүгүн биздин айылдын тарыхындагы маанилүү учур. Үйлөрдү газдаштыруу бизге комфорт жана электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Селекционное айылынын газдаштырылышын көпкө күттүк. Жаратылыш газына өтүү менен аба кыйла таза болуп, экология жакшырат. Муну менен, биринчи кезекте, айылдыктардын ден соолугу жакшырат деп ишенебиз".

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары: «Селекционное айылындагы жумуштарды мөөнөтүнөн мурда аяктадык. Бул компания Чүй облусунда газдаштырган 16-калктуу конуш болду. Аталган айылды газдаштыруу үчүн 7,5 км газ бөлүштүрүүчү тармак курдук. Экологиялык кырдаалга байланыштуу үстүбүздөгү жылы газдаштырылып жаткан райондордун санын кыйла көбөйттүк. Ошону менен 2023-жылдын планы боюнча 12 конушка жаратылыш газын беребиз. Бул үчүн жалпы узундугу 218 чакырымга созулган газ өткөргүчтөрүн курабыз».

Жаратылыш газы – экологиялык таза энергоресурс. Жаңы райондорду жигердүү газдаштыруунун жана социалдык-багытталган тарифтин артынан көгүлтүр от экономикалык жактан үнөмдүү жана энергиянын салттуу булактарына экологиялык альтернатива болуп калууда. Кыргызстандагы жаратылыш газына болгон тариф дүйнөдөгү жана КМШнын импорттоочу өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын келиши менен өлкөнүн газдаштыруу деңгээли 22%дан 38%га чейин өстү. Ал үчүн компания 1250 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармак куруп, 270 миң кыргызстандыкты жаратылыш газга кошулуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздаган. Компания аталган көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 60%га чейин жеткирүүнү пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан