Beeline'дан 4G интернет - Бишкектеги эң ылдам интернет

Beeline Кыргызстан мобилдик оператору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 4G интернет ылдамдыгы боюнча лидер катары таанылды. Бул Ookla® тарабынан 2023-жылдын үчүнчү кварталында Чүй облусу боюнча медициналык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence® маалыматтарынын талдоосунда далилденген. Тесттин жыйынтыгы Кыргызстан боюнча Beeline'да жүктөө ылдамдыгы өткөн кварталга салыштырмалуу 31% өскөнүн көрсөткөн*.

Көрсөткүчтөрдү өлчөө Speedtest® тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Бул белгилүү бир убакыт аралыгында мобилдик оператордун тармагына маалымат берүү ылдамдыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген Ookla компаниясынын кызматы. Мындай учурда изилдөөчүлөрдүн ролун абоненттер өздөрү аткарышат, ал эми Ookla алардан алынган маалыматтарды талдап чыгат.

Ookla® Компаниясы - интернеттин ылдамдыгын текшерүү жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Анын негизги максаты – интернетти сапаттуураак, тезирээк жана жеткиликтүүрөөк кылуу. Компания ушул максатты ишке ашыруу үчүн дүйнөгө белгилүү болгон Speedtest® жана Downdetector® платформаларын, ошондой эле бир нече комплекстүү корпоративдик чечимдерди иштеп чыккан. Ookla'нын маалыматтары жана куралдары операторлорду жана башка компанияларды кардарлардын тажрыйбасын эске алуу менен тармактарды талдоо жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон маанилүү маалымат менен камсыз кылат.

Beeline: 25 жыл бою мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар!

* 2023-жылдын 3-чейрегинде, Кыргызстанда медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде.
Ookla
соода белгилери лицензия боюнча колдонулат жана кайра басып чыгаруу үчүн уруксатты талап кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан