«Газпром Кыргызстан» компаниянын брендин колдонгон шылуундар жөнүндө эскертет 

«Газпром Кыргызстан» компаниясы ага байланыштуу делген алдамчылык учурлары жөнүндө эскертет.

Шылуундар компания өлкөнүн жашоочулары үчүн микроинвестициядан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачкандыгын билдиришүүдө. Алар салынган акчаны көбөйтүп беребиз деп убадалашат.

«Газпром Кыргызстан» бул көз боёмочулук схемага тиешеси жоктугун расмий билдирет жана жарандарды ага катышпоого чакырат.

Компания эч качан мындай иш-чараларды өткөргөн эмес. Расмий маалымат үчүн компаниянын 4444 бирдиктүү маалымат кызматына (уюлдук телефондон чалуу акысыз) же gazprom.kg сайтына кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан