"Газпром Кыргызстан" кезектеги калктуу конушту газдаштырды. Бул жолу Ала-Арча

Бүгүн ордо калаанын Ала-Арча калктуу конушуна ийгиликтүү газ берилди. «Газпром Кыргызстан» компаниясы бул райондо 11,5 км газ бөлүштүрүүчү тармактын курулушун пландык мөөнөттөн мурда аяктады. Эми 850дөн ашык үй-бүлө үйлөрүн экологиялык таза энергоресурсту колдонуп жылыта алышат.

Иш-чарага райондун тургундары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, Бишкек ш. вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов катышты.

Ала-Арча жаңы конушун газдаштыруу долбоору курчап турган айлана-чөйрөнү таза сактоонун жана жергиликтүү тургундар үчүн жеткиликтүү жана ишенимдүү энергия булагы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен аткарылган.

Ала-Арчанын жашоочулары көмүр менен жылытууга караганда жаратылыш газын колдонуу ден соолукка алда канча коопсуз экендигин баса белгилеп, бул демилгеге кубанычтарын билдиришти. Ошондой эле, бул аларга электр энергиясын үнөмдөөгө жана өз аймагындагы абанын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Токтосун Султанов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

«Жергиликтүү тургундар конуш түзүлгөндөн бери, дээрлик 30 жылдан бери конуштун газдаштырылышын күтүп келишкен. Бүгүнкү күндө дээрлик 12 км газ өткөргүчтөрү тартылды. Эми шаардыктардын баары жаратылыш газына кошулуп, үйлөрүндө жайлуулук жана ыңгайлуулук камсыздашы гана калды».

Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын вице-мэри

«Газдаштыруу – абанын сапатын жакшыртууда жана акыркы мезгилде Бишкектин актуалдуу маселеси болуп жаткан ышка каршы күрөшүүдө негизги артыкчылык. Газ тармактарын кеңейтүү, калктын кеңири катмарын камтуу бир нече көйгөйлөрдү чечет. Биринчиден, электр тармактарына жүктөм азаят, экинчиден, көгүлтүр от абоненттердин күнүмдүк тиричилигин жеңилдетет. Башкача айтканда – бул, баарынан мурда, калк үчүн ыңгайлуулук жана туруктуу энергия алуу мүмкүнчүлүгү».

Ала-Арча конушуна газ берүү долбоору «Газпром Кыргызстан» жүргүзгөн республиканы газдаштыруунун кеңири программасына кирет. Компания буга чейин ушул жылга пландаштырылган 12 калктуу конуштун төртөөсүн ийгиликтүү газдаштырды. Бул үчүн компания жалпысынан 218 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактарды курат.

Муну менен 2016-жылдан бери газдаштырылган калктуу конуштардын саны 53кө жетет.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары

«Үстүбүздөгү жылы экологиялык көйгөйгө байланыштуу биз газдаштырыла турган калктуу конуштардын санын экиден он экиге көбөйттүк, 4 конушта газ өткөргүчтөрдү куруп бүттүк жана аларга газ берүүнү баштадык. Жаңы аймактарды газдаштыруудан тышкары, компания республиканы туруктуу жана коопсуз газ менен камсыз кылуу үчүн да чоң иштерди жасап жатканын белгилеп кетким келет. Биз республиканын түндүгүндөгү негизги инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоону дээрлик аяктадык, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө да активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз».

«Газпром Кыргызстан» республиканын газ инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жигердүү салып келет. Өз ишин баштагандан бери компания бул демилгеге 32 миллиард сомдон ашык каражат жумшады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан