Аба ырайы, 16-декабрь: Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт

16-декабрда өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин  жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -5°C  

Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -7°C  

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +1°C, түнкүсүн +1°C  

Баткен облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн +1°C  

Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -7°C  

Нарын облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -16°C  

Бишкек шаары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -2°C  

Эскертүү

15-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100км) унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлөт. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан