Жылнаама: 16-декабрь. 1770-жылы атактуу композитор Людвиг ван Бетховен туулган

1770-жылы (243 жыл мурун) атактуу немис композитору Людвиг ван Бетховен туулган. Батыш классикалык музыкасынын классизм менен романтизмдин ортосунда белгилүү болгон, дүйнөнүн атактуу композиторлорунун бири. Өз мезгилинде бардык жанрларда чыгармаларды жараткан. Хордук чыгармалардан тартып опера, спектаклдерге музыка жараткан. Анын калтырган мурастарынан музыкалык аспаптар үчүн жараткан чыгармалары маанилүү орунду ээлейт. Бетховендин чыгармачылыгы 20-21-кылымдардагы симфонизмге зор таасир калтырган.

1775-жылы (238 жыл мурун) англиялык адабияттын “биринчи ледиси”, классик жазуучу Жейн Остин туулган. Британиянын адабиятына реализмди алып келген жазуучу сатираларды жазуу менен психологиялык жана комедиялык жанрларда шедеврлерди жарата алган. Учурда Жейн Остиндин чыгармалары Англиядагы университеттер менен колледждерде милдеттүү түрдө окутулат.
2011-жылы (3 жыл мурун) Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы парламенттин спикери катары Асылбек Жээнбековду, өкмөт башчы иретинде Өмүрбек Бабановду шайлашкан.
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан