Кыялдагы стажировка жана грант: Glovo KG Startup Competition сынагы жарыяланды

Glovo компаниясынын Барселонадагы баш кеңсесинде акысыз стажировкадан өтүп, өз стартапыңызды өнүктүрүүгө 500 миң сомго чейин утуп алууну кыялданып жүрдүңүз беле? Glovo компаниясы Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы жана Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы менен өнөктөштүктө, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандагы стартаптар үчүн Glovo KG Startup Competition аттуу конкурс башталганын жарыялайт.

Бүгүндөн тарта стартаптар үчүн Glovo KG Startup Competition конкурсуна катышчу командаларды кабыл ала баштайбыз, конкурстун финалдык питчинги 2023-жылдын 29-ноябрында болот (Бишкек шаарында). Өтүнмөлөр 15-ноябрга чейин кабыл алынат!

Тандоонун жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган 20 команда өз стартапы менен тааныштырып, уникалдуу байгелер үчүн ат салышат: байге катары акчалай сыйлык жана Glovo компаниясынын Барселонанын чок ортосунда жайгашкан баш кеңсесинде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилет (учактын билетине жана жашаган жерге кеткен чыгымдар төлөнөт).

Финалга даярданып жаткан маалда мыкты 20 команда онлайн Bootcamp’тен өтүп, питчингге жакшыраак даярданып, стартап комьюнитинин бир бөлүгүнө айлануу үчүн ушул тармактагы алдыңкы эксперттерден жеке кеңештерди алышат.

Биз кимдерди издеп жатабыз?

Баштапкы баскычта турган кыргыз стартаптарды (pre-seed же seed). Финалдык питчингдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү эмнелер күтүп жатат?

1. Биринчи орундун ээси 500 миң сом алат жана Барселонада бир жумалык стажировкадан өтүп келет.
2. Экинчи орундун ээси 300 миң сом алат жана Барселонада бир жумалык стажировкадан өтүп келет.
3. Үчүнчү орундун ээси 200 миң сомду жана Glovo компаниясынан онлайн менторлукту алат.

Конкурсту өткөрүүнүн мөөнөтү:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү:

2023-жылдын 1-ноябрынан 15-ноябрга чейин.

Комплаенс жана 20 финалистти тандап алуу: 2023-жылдын 15-ноябрынан 23-ноябрга чейин.

Онлайн Bootcamp (окутуу): 2023-жылдын 27-ноябры.

Программанын финалы: 2023-жылдын 29-ноябры.

Glovo KG Startup Competition программасына катышуу үчүн өтүнмөнү шилтеме боюнча жибере аласыз.
Көңүл буруңуз, конкурс башынан аягына чейин, ошондой эле финалдык питчинг англис тилинде өтөт!
Маалымат үчүн

Glovo – бул колдонуучуларды жергиликтүү ресторандардын, супермаркеттердин, дарыканалардын жана чекене дүкөндөрдүн кызматтарын көрсөткөн ишканалар жана чабармандар менен бириктирген новатордук көп категориялуу тиркеме. Ар бир адам өз шаарындагы бардык нерсеге оңой жетип, каалаган нерсесин, каалаган жерге алдыртып алышы үчүн шарт түзүп берүү Glovo’нун максаты болуп саналат. 2015-жылы Барселонада негизделген бул компания Түштүк жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын 25 өлкөсүндө иш алып барууда. Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка баш багыңыз.

Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы (ПККИКА) – программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуунун глобалдык индустриясына кыргыз IT тармагын интеграциялоо максатын көздөгөн IT компаниялардын бирикмеси.

2008-жылы негизделген ПККИКА бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырды, анын ичинде интеллектуалдык эмгектин экспортерлоруна атайын артыкчылыктарды берген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы (КР ЖТП) жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси болду.

Бүгүнкү күндө ПККИКА жергиликтүү IT продукцияларын тышкы рыноктордо сүрөп, экспорттоо жаатында чоң эксперттик потенциалга ээ, ошондой эле жаңы интернет-технологияларын колдонуу аркылуу экономиканы модернизациялоо боюнча өлкө жетекчилигине туруктуу консультациялык жардам көрсөтүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы – IT компанияларынын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн, экстерриториалдык экспортко багыт алган салык режими.

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Мыйзам камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилейт, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине, ЖТП жөнүндө Мыйзамдын жоболоруна ылайык өз ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулуучу атайын укуктук, салыктык режимди караштырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан