Эксперттик пикир: MEGA базалык станциялары айлана-чөйрө жана ден соолук үчүн коопсуз

Чалуулар, мессенжерлер, сүрөттөр, видеолор, виртуалдык банк карталары жана мобилдик капчыктар. Заманбап коомдо жашаган адамдар жашоосун смартфонсуз элестете алышпайт. Санариптик технологиялардын динамикалык өнүгүүсү жана калктын санынын өсүшү менен Кыргызстанда санариптик кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жогорулоодо жана ошого жараша түйүндөрдүн жүктөмү да өсүп келет, бул болсо, өз кезегинде, байланыш объектилеринин, атап айтканда, базалык станциялардын санынын көбөйүшүнө алып келет.

Телекоммуникациялык компаниялар үйүнүн жанына мобилдик байланыш базалык станциялардын курулушуна калктын нааразычылык билдирген учурларына көп кабылышат. Алардын айрымдары мындай жабдуулардан чыккан нурлануу ден соолукка зыян келтириши мүмкүн деген ишенимде. Дарыгерлер радиациянын таасиринен коркуу менен байланышкан коркууну радиофобия деп аташат. Ал эми эксперттердин айтымында, мындай “мобилдик” уламыштар адамдарды жөн эле адаштырбастан, коомдун өнүгүшүнө тоскоол болуп келет.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, айлана-чөйрөнү коргоо максатында, «Альфа Телеком» ЖАКтын иштеп жаткан өткөргүч жабдууларынан энергия агымынын тыгыздыгынын деңгээли боюнча өлчөөлөрдү жүргүзүп турат.

31-октябрда MEGA компаниясы КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте оператордун Бишкек шаарынын аймагындагы базалык станцияларынын нурлануу деңгээлин өлчөгөн. MEGA базалык станцияларында өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган шаймандар текшерүү тастыктамасын ээ жана метрологиялык борборлордо үзгүлтүксүз текшерүүдөн өткөрүлүп турат.

Өлчөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, MEGA базалык станцияларында электромагниттик толкундун нурлануу деңгээли нормадан ашпайт. Таткап айтканда, Восток-5 кичирайонунда станциясында нурлануу деңгээли – 1,2-3 мкВт/см2, Кара-Жыгач калктуу конушунда 1,3-4 мкВт/см2 көрсөткүчүндө болду. Белгилей кетсек, Кыргызстанда байланыш станцияларына коюлган талаптар дүйнөдөгү эң катаал талаптардын катарына кирет жана 10 мкВт/см2 көрсөткүчүнөн ашпайт. АКШда нурлануунун жыштыгына жараша максималдуу жол берилген деңгээл –140 мкВт/см2, орточо европалык стандарт – 100 мкВт/см2 көрсөкүчүнө барабар.

Айрым электр шаймандарына салыштырмалуу базалык станциялардын нурлануу деңгээли минималдуу экендигин өлчөөлөр далилдеп турат. Салыштыруу максатында эксперттер тарабынан микротолкундуу нурлануунун деңгээлин өлчөндү. Шаймандар 11,3-13 мкВт/см2 көрсөттү. Башкача айтканда, MEGA базалык станциясынын нурлануу деңгээли микротолкундуу мештин нурлануусунан төмөн.

«Базалык станция радиация эмес, радио толкундарды чыгарат. Радиотолкундар – клеткадагы ДНКнын түзүлүшүн бузбаган, мутацияга алып келбеген жана репродуктивдүү функцияга таасирин тийгизбеген төмөнкү жыштыктагы толкундар. Базалык станциялар иштөө учурунда смартфон жана микротолкундуу меш сыяктуу эле, электр магниттик толкундарды чыгарат. Жаратылышта мындай нурлануунун булагы − Күн. Ал эми мындай шаймандардын кооптонунун кереги жок», − деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин физикалык факторлорду өлчөө лабораториясынын башчысы Жаныбек Арзыкулов.

Электромагниттик энергия уюлдук байланыштын базалык станциясынан эмес, анын антенналарынан гана нурланат. Кеңири аймакты камтуу жана адамдарга тийгизүүчү таасирин чектөө үчүн, антенналар бийиктикте орнотулат. Сапаттуу мобилдик байланышты камсыз кылуу үчүн, MEGA базалык станцияларынын антенналары алардан негизги электромагниттик энергия жука нурга чогулуп, жакын жердеги үйлөр менен кесилишпей тургандай багытталат. Бул нур уюлдук базалык станциялар жайгашкан имараттардан алыс багытталгандыктан, электромагниттик таасир төмөн жакты”, башкача айтканда, үйдүн жашоочуларын көздөй багытталбайт.

«Турак жайларга орнотулган базалык станциялар да адамдын ден соолугуна эч кандай зыян келтирбейт. Эгерде базалык станциянын мунарасы үйдүн чатырында болсо, чатыр жана дубалдар сизди андан бөлүп турат жана бул радиосигналдын күчүн он эсеге азайтат. Имараттагы базалык станция нурлануусу менен имараттын ичиндегилерге да, имаратка жакын турган адамдарга таасир этпейт. Ошондуктан базалык станцияларды турак жайлардын жана башка имараттардын чатырларына, ошондой эле бийик мамыларга орнотууга мыйзам тарабынан тыюу салынбайт», − деп кошумчалады эксперт − «Profi Lab» ЖЧКсынын аккредитациялоодон өткөн лабораториясынын башкы директору Искендер Буланбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан