"Газпром Кыргызстан" Ак-Тилек жана Ак-Тилек-Турбаза калктуу конуштарына газ берүүнү баштады

Бул үчүн компания жеке инвестициялык программасынын эсебинен 10 километр газ бөлүштүрүүчү тармак курду. Жылытуу мезгилинин алдында 630 үй чарбасы экологиялык таза энергоресурска жеткилик алды.

Бүгүн Ак-Тилек жана Ак-Тилек-Турбаза калктуу конуштарына жаратылыш газын берүү аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү тургундар, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов, ошондой эле «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилиги катышты.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев чогулган коноктор менен учурашып, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: "Газдаштыруу борбор калаада кара түтүнгө каршы күрөшүүдө башкы артыкчылык болуп саналат. Жаңы конуштарга газ берүү – бул ошондой эле шаардыктарга ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылуу. Мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Газдаштыруунун алкагында быйыл 20 миңден ашуун бишкектик жашоо шартын жакшыртып, экологиялык энергия ресурсуна мүмкүнчүлүк алышат. Бул иштер улантылат, алдыда дагы көптөгөн пландар бар".

Ак-Тилектин жашоочуларына Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов дагы кайрылып өттү: "Бүгүн Свердлов районунун, айрыкча Ак-Тилек конушунун жашоочулары үчүн чоң майрам. Эки жылдан бери жаратылыш газын өткөрүү боюнча тынымсыз кайрылуулар келип түшкөн. Жүргүзгөн иши үчүн Бишкек шаарынын мэриясына жана «Газпром Кыргызстан» компаниясына рахмат. Бул жерде компаниянын жетекчиси Болот Ералханович Абилдаевдин да салымы чоң. Биздин президентибиздин да саясаты – ушул шаарыбызда ар бир конушка газдаштырууну жеткирүү. Биз, Жогорку Кеңеш, ар дайым бул саясатты колдоп келебиз".

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүнүн соңунда «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов «Бишкекгаз» филиалынын газ тармактары кызматынын бригадасына калктуу конушка газ берүүнү баштоо командасын берди.

Адаттагыдай, алгачкы газдаштырылган үйлөрдүн ээлери меймандарды газ плитасында кайнатылган чайга чакырышты. Алар жаратылыш газынын отун булагы катары пайдаланууда экологиялык тазалыгын гана эмес, ошондой эле экономикалык жактан пайдалуу экендигин баса белгилешти.

Ак-Тилек жана Ак-Тилек-Турбаза конуштарын газдаштыруу долбоору 10 чакырымдан ашык газ тармагынын тартылышын камтыган. Жумушчулар бардык иштерди пландалган мөөнөттөрдөн мурда аякташты.

Мурат Сулайманов долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, компаниянын келечектеги пландары менен бөлүштү:

30-40 жылдын ичинде, башкача айтканда, «Газпром Кыргызстан» ата мекендик рынокко келгенге чейин өлкөдө болгону 2800 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Компания иштеп баштагандан бери, «Газпром Кыргызстан» 9 жыл аралыгында 1250 чакырым газ тармагын куруп, 53 калктуу конушту газдаштырган. Быйыл компания Бишкек жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртууга өз салымын кошуу үчүн газдаштырыла турган калктуу конуштардын санын экиден он экиге чейин көбөйттү. Биз жакшы темпке жетиштик. Белгилей кетсек, жакынкы эки-үч жылда Бишкекти толугу менен газдаштырылышын аяктоо планыбыз бар”, - деди ал.

Жыл башынан бери «Газпром Кыргызстан» 7 объектти газдаштырды. Алар:

  • «Кырман» конушу – 17,5 км
  • «Ак-Тилек» конушу – 6,5 км,
  • «Ак-Тилек-2» конушу – 4,3 км
  • «Ак-Тилек-Турбаза» конушу – 4 км
  • «Ала-Арча» конушу – 12,2 км
  • Селекционное айыл – 7,7 км
  • Новопавловка айылынын 1-тилкеси – 4 км

Газдаштыруу боюнча жигердүү жумуштар Бишкектин жаңы конуштарында да жүрүүдө:

  • «Төкөлдөш» конушу – 11,3 км
  • «Бакай-Ата» конушу – 16,2 км
  • «Жогорку Көк-Жар» конушу – 4,1 км
  • «Попеновка» конушу – 2,5 км
  • «Товарная» конушу – 3,8 км

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын газдаштырылышынын деңгээли 38 пайызды түзөт, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын стратегиялык максаты – 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан