10-12-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда тайбокс (муай-тай) боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Ага ылайык, катышуучулар төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат:
9-10 жаш: 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, +39 килограмм;
11-12 жаш: 35, 37, 39, 42, 45, 48, 51, 54, +54 килограмм;
13-14 жаш: 39, 42, 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, +63.5 килограмм;
15-16 жаш: 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, +67 килограмм;
17-18 жаш: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, +71 килограмм;
Чоңдор арасында: 51, 54, 57, 60, 63. 5, 67, 71, 75, 81, 86, 91 килограмм;
Кыздар арасында: 48, 51, 54, 57, 60, 63, +63 килограмм.
"Мелдештин программасы:
Башталышы: 10-ноябрь саат 9:00дө башталат. Салтанаттуу ачылыш аземи: 11-ноябрь күнү саат 14:00дө болот",-деп айтылат маалыматта.