Жеңил атлетика боюнча курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келди

Бүгүн, 13-ноябрда жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Дубай шаарында өткөн жарым марафон командалык Азия чемпиондугунан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жана Жеңил атлетика боюнча федерациянын өкүлдөрү, ошондой эле жакындары тосуп алды.

Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өткөн 21.097 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарым марафон командалык Азия чемпиондугунда алгачкы жолу Кыргызстандын кыздар курама командасы 1-орунду ээледи.

Курама командада төрт кыз - Сардана Трофимова (1 саат 14 мүнөт 44 секунд), Гүлшана Сатарова (1:15:18), Мария Коробицкая (1:15:42) жана Айнуска Калил кызы (1:16:07) болгон. Жеке эсеп боюнча Сардана Трофимова үчүнчү орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан