Швецияда миңдеген күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгышты (видео) 

Кечээ, 13-ноябрда Швециянын футбол боюнча Жогорку Лигасынын чечүүчү беттешинде “Мальме” клубу “Эльфсборг” футболдук клубун 1:0 эсебинде жеңип, өлкө чемпиону болушту.

Оюн бүтүп, башкы калыстын ышкырыгы жаңырган соң жергиликтүү күйөрмандар талаага чуркап чыгып, жеңишти футболчулар менен чогуу майрамдашкан.

Акыркы турга чейин ким чемпион болору белгисиз болуп келген. Себеби “Мальме” менен “Эльфсборгдун” топтогон упайлары тең эле. Маанилүү оюн чемпионаттын акыркы туруна белгиленген.

Муну менен "Мальме" клубу “Эльфсборгду” 1:0 эсебинде утуп, 23-ирет Швециянын чемпиону болду.

"Мальме" клубунун күйрмандары талаага чуркап чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан