Футзал боюнча Кыргыз курамасын эми испаниялык машыктыруучу жетектемей болду

Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу футзал федерациясынан кабарлашты.

Бүгүн, 14-ноябрда КФСтин кеңсесинде жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун атынан Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту.

✔️Машыктыруучу тууралуу:
- Луис Бернат Молина
- Испания, 46 жаш
- Улуттук III даражадасындагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси

✔️ Башкы машыктыруучу кызматындагы иш тажрыйбасы:
2015-2016 - «Нант Эрдре» МФК (Франция)
2016-2018 - «Тулон» МФК (Франция)
2018-2019 - Вьетнам жана Таиланд жаштар улуттук курамалары
2019-2022: «Пескадола Мачида» МФК (Япония)
2022-2023 - «Блювейф Чонбури» МФК (Таиланд)

Эскерте кетсек, команданын мурунку башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары жаңы машыктыруучулар штабынын курамына киришет.

Эске салсак, 2024-жылдын 17-28 апрель күндөрүндө Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт, анда биздин курама башкы орундардан сырткары, Дүйнөлүк чемпиондугуна жолдомо үчүн беттешет. Жолдомолорго турнирдин жыйынтыгындагы эң күчтүү төрт курама ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан