"Газпром Кыргызстан" интернеттеги алдамчылык фактылары тууралуу эскертет

«Газпром Кыргызстан» компаниясы социалдык тармактарда компаниянын брендин колдонуу менен алдамчылык фактылары тууралуу эскертет.

Шылуундар компания өлкөнүн тургундарына микроинвестициядан акча табууга мүмкүнчүлүк берет деп билдиришүүдө. Алар жарандардын салган акчасын көбөйтүп берүүнү убадалап жатышат. «Газпром Кыргызстан» бул көз боёмочулук схемага эч кандай тиешеси жоктугун расмий билдирип, жарандардан ага катышпоону жана социалдык тармактардагы белгисиз адамдарга каражат которбоону өтүнөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы мындай иш-чараларды эч качан өткөргөн эмес жана өткөрбөйт дагы. Расмий маалымат үчүн компаниянын 4444 (уюлдук телефондон чалуу акысыз) бирдиктүү сурап-билүү кызматына кайрылуу сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан