Жиу-житсу комбат боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Даугавпилс шаарында (Латвия) өткөн Дүйнө чемпиондугунда 20 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 5 коло) жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 7-13-ноябрь күндөрү өтүп, 28 мамлекеттен келген спортчулар катышты. Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Фул контакт: алтын медалдын ээлери:
- 77 килограмм Бектур Жоробеков;
- 85 килограмм Бакыт Кадыров, Алмаз Акун;
- 93 килограмм Жайыл Жакшылык уулу.
Коло медалдын ээлери:
- 40 килограмм Амантур Эсенов;
- 55 килограмм Арлен Жолдошев;
- 60 килограмм Сталбек Эсенов, Барсбек Ысманов;
Граунд файт: Алтын медалдын ээлери;
-63 килограмм Марс Көлбаев;
-77 килограмм Бектур Жоробеков;
-85 килограмм Алмаз Акун.
Күмүш медалдын ээлери:
-85 килограмм Бакыт Кадыров, Жайыл Жакшылык уулу.
Коло медалдын ээлери:
- 77 килограмм Нурлан Сарбашев.
Кросс контакт: Алтын медалдын ээлери;
-63 килограмм Марс Көлбаев;
-85 килограмм Бакыт Кадыров, Алмаз Акун;
Күмүш медалдын ээлери:
- 77 килограмм Бектур Жоробеков;
-85 килограмм Жайыл Жакшылык уулу;
93 килограмм Тамчы Эсенбек уулу.