Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Малайзия менен болгон беттеште 4:3 эсебинде утулуп калды. “Ак шумкар” 1:3 эсебинде алдыга чыгып, бирок кийин үч гол өткөрүп жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Бул оюн 2026-жылга карата Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болду.
Тандоо оюндарынын алкагында Кыргыз курама командасынын кийинки беттеши 21-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оман курама командасы менен болот.