“Ак шумкарлардын” башкы машыктыруучусу Стефан Таркович Кыргызстан-Малайзия беттеши тууралуу өз пикирин билдирди. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
“Мен беттештин жыйынтыгына абдан нааразымын. Үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасына көптөгөн гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн жараттык, бирок коргонуудагы каталардан улам гол өткөрүп жибердик.
Ушунча гол киргизгенден кийин эч кандай упай албай калганыбыз абдан өкүнүчтүү. Бул беттешке физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдандык. Менин оюмча, биздин команда атаандаштарыбызга караганда кооптуу чабуулдарды байма-бай жаратты, тилекке каршы, жыйынтыгында жеңилип калдык.
Алгачкы 55-мүнөттө биз бир аз пассивдүү болуп, атаандашка кысым жасаган жокпуз, бирок кийин өзбүздү колго алдык. Оюндун жүрүшүндө бир нече оюнчуну алмаштырууга аргасыз болдук, андан кийин ушундай жыйынтык болду".-деди башкы машыктыруучу.
Эскерте кетсек, кийинки беттеш 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасына каршы өтөт.
“Биз бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтык чыгарып, жеңилүүнү тезирээк унутканга аракет кылып, кийинки оюнга да даярданып башташыбыз керек. Оюнчулар абдан аракет кылып жатат, бирок жеке каталардан улам жеңиш буйрубай келет. Алдыдагы беттеште жергиликтүү күйөрмандардын колдоосу бизге көбүрөөк күч жана ишеним берет деп ойлойм”, - деп кошумчалады Стефан Таркович.