Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында VIII шахмат чемпиондугу өтүүдө

Бишкек шаарында майыптыгы бар жарандардын арасында Кыргызстандын VIII шахмат чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Иш-чаранын ачылышына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова катышып, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Чемпионат 18 жаштан жогорку жаштагы майыптыгы бар эркектер жана айымдар арасында үч категория боюнча өткөрүлөт. Көрүү, угуу жана жалпы оорулардан улам таяныч-кыймыл аппараты бузулган майып адамдардын категориялары болуп бөлүнөт.

Белгилей кетсек, чемпионат 17-20-ноябрь күндөрү өтөт. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар жана номинациялар ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан