Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтө турган "Токио Гранд Слам - 2023" мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 60 килограмм – Ханболот Ырысбеков;
- 66 килограмм – Кубанычбек Айбек уулу;
- 73 килограмм – Чыңгызхан Сагыналиев;
- 81 килограмм – Арсений Кладнов;
- 81 килограмм – Асад Масабиров;
- 90 килограмм – Эрлан Шеров;
- Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу;
- Сергей Кладнов, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, улуттук курама команда андан ары 11-декабрга чейин Токио шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.