Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде жеңишке ээ болду.
Ал 19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста сербиялык Урош Медич менен беттешти. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Белгилей кетсек, спортчу 4 күн мурда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.