Бишкек менен Чүйдүн тургундары үчүн "РСК Банк" жана "Айыл Банктан" үйдү газдаштырууга 8%дан жеңилдетилген насыя

Мындай демилгелүү чечим борбор калаанын жана Чүй облусунун жашоочуларына үйлөрүн жылытууда экологиялык энергия ресурсун пайдаланууга өтүүгө көмөктөшүү максатында КР Министрлер кабинети тарабынан 2023-жылдын 24-октябрындагы № 643 "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо жөнүндө" тескемесинин алкагында кабыл алынды.


Муну менен «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК мамлекеттик банктары 2023-жылдын 31-декабрына чейин жылдык коюму 8%дан 12%га чейинки жеңилдетилген коюм боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына газдаштыруу үчүн пайдалуу каржылоо көрсөтүшөт.

Буга чейин 18%га «Газификация» насыясын алган тургундарда алган насыяларынын пайыздык чендерин жаңы шарттарга ылайык 8-12%га чейин кайрадан каржылоо алуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Газификация» насыя продуктусунун артыкчылыктары:

Ø Күрөөсүн, кепилсиз жана баштапкы төлөмсүз.

Ø Насыянын суммасы 150 000 сомго чейин.

Ø Жылдык пайыздык чени болгону 8% жана 12%.

Ø Насыянын мөөнөтү 24 айга чейин.

Ø Каражаттар накталай да, ошондой эле накталай эмес да түрдө берүү ийкемдүү системасы.

Насыяны алуу процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Бул үчүн төмөнкүдөй документтерди көрсөтүү керек:

· Өздүгүн тастыктаган паспорт

· Киреше булагын тастыктаган документтер

· Турак үйгө укуктарын белгилеген документтер

· «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын газдаштырууга сметасы

· Отказан сатып алууга жана андан ары орнотууга смета

· Коштоочу материалдарды төлөөгө эсеп-кысап

Кошумча маалымат жана консультацияларды алуу үчүн бул номерлер аркылуу кайрылыңыздар:

· Үйдү газдаштыруу маселелери боюнча: «Газпром Кыргызстан» бирдиктүү сурап-билүү кызматы 4444 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)

· Жеңилдетилген насыяны тариздөө маселелери боюнча: «РСК Банктын» байланыш борбору 9111, «Айыл Банктын» байланыш борбору 5511.

Адистер бардык зарыл болгон маалыматты көрсөтүп, «Газификация» насыясын тариздөөгө көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан