Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" китеби "Жылдын мыкты китеби" номинациясын алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" китеби "Жылдын мыкты китеби" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызпатент "Жылдын мыкты китеби" конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Аталган сынак авторлорду, басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, илим, билим берүү, маданий чөйрөдө китепти жана окууну андан ары жайылтууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Ага ылайык, акыркы эки жылда жарык көргөн китептерди карап чыккан калыстар тобунун баалоосу жана сунуш-пикирлеринин негизинде төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

"Жылдын мыкты прозасы" - Усубалиевдин "Зоока" китеби;

"Жылдын мыкты поэзиясы" - Бердибек Жамгырчиевдин "Романтика" китеби;

"Жылдын мыкты балдар адабияты" - Б. Асаналиевдин "Балдан ширин балалык" китеби;

"Жылдын мыкты басмасы" - "Кут-Бер" басмасы;

"Жылдын мыкты жазуучусу" - К.Ашымбаев;

"Жылдын мыкты китеби" баш байгеси - Э.Иманалиевдин "Аманат" китебине ыйгарылды.

"Жылдын мыкты китеби" конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана дипломдор 12-декабрда тапшырылат.

Белгилей кетсек, калыстар курамына белгилүү адабиятчылар, окумуштуулар, акын-жазуучулар кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан