Кечээ, 19-ноябрда АКШнын Колифорния штатында өткөн Америка ачык чемпионатында US Open турниринде кыргызстандык балбан Жусупалиев Азрет джиу-джитсунун бразилиялык түрү боюнча өткөн жарышта, 2 алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, спортчу 70 килограмм салмак чен бирдикте ( NoGi ) жана ( Gi ) эки версияда катышып, 2 ирет тең алтын медаль утуп алган. Ал баш-аягы 10 жолу беттеш өткөргөн.
Белгилей кетсек. спортчу эки жарым жылдан бери АКШда окуп, жашап келет. Турнирлерге университеттин атынан катышып жүрөт.