MBANK жаш адистерди жаңы технологиялар менен тааныштырып, кесип тандоого көмөктөшөт

Кыргызстандын алдыңкы санариптиктин банкы MBANK студенттер үчүн билим берүү тармагындагы мастер- класс жана экскурцияларды уюштурууну улантууда.

Иш-чаранын алкагында студенттер инновациялар жана технологиялар, agile-трансформациянын өзгөчөлүктөрү, санариптик технологияларды колдонуунун артыкчылыктары жана багыттары менен жакындан таанышат.

«Студенттер жана мектеп окуучулары үчүн MBANKта экскурсияларды уюштуруу учурдун эң көп түшкөн суроо-талаптардын бири болуп саналат. Анткени ар бир адам өлкөнүн алдыңкы санариптик банкында иш кандай жүрөрү менен таанышкысы, ыңгайлуу жана пайдалуу инновацияларды киргизген адамдар кимдер экенин билгиси келет.

А биз болсо республиканын алдыңкы технологиялык банкында карьера куруу мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүүгө жана сүйлөшүүгө ар дайым ачыкпыз. Биз бул багытта буга чейин БААУнун, КРСУнун, КМТУнун, Бишкек эл аралык мектебинин, КМКТАУнун студенттери үчүн жолугушууларды өткөрдүк», - деп белгилейт MBANKтын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кайыргүл Огонбаева.

Экскурсиянын жүрүшүндө зыяратчылар банк секторунун заманбап тенденциялары, талап кылынган компетенциялар менен таанышып, банктын контакт-борборунун жана адистештирилген филиалдарынын иши кантип уюштурулганын көрүштү.

“Мен бир жылдан кийин окууну аяктайм жана мен ушундай технологиялык компанияларга кызыгып жүрөм. Чынын айтсам банкта программисттердин мынчалык көп штаты бар экенине таң калдым. Алардын мындай татаал, сонун долбоорлорду ишке ашырууга кантип жетишип жатканын эми түшүндүм. Бул мага жагымдуу таасир калтырды”, - дейт КМТУнун “Программалык инженерия” бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Азамат.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга банк кызматкерлери тарабынан фирмалык белектер тапшырылды. Ал эми катышуучулар өз кезегинде банкка кайтып келерин, бирок кийинкиде кызматкер катары келүүгө убада беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан