Бүгүн, 20-ноябрда Токио шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Япониянын премьер-министринин резиденциясында Садыр Жапаровду өкмөт башчы Фумио Кисида тосуп алды.
Анда Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Кисида менен Жапаров тизилген ардактуу кароолдун катарын айланып өтүштү. Лидерлерге эки өлкөнүн расмий делегациялары тааныштырылды.
Салтанаттын соңунда президент Жапаров менен Фумио Кисида эки тараптуу сүйлөшүүлөр залына өтүштү.