Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Президенттин басма сөз кызматынан маалымдагандай, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;
- Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;
- Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;
- Кыргызстан жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемеси менен "Билим капиталы" ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум