2024-жылы Германияда өтө турган футбол боюнча Европа чемпионатына катышууну камсыздаган жыйырма команда белгилүү болду.
Германиянын курама командасы "Евро-2024" турнирин кабыл алуучу өлкө катары чыгат. Бүгүн, 21-ноябрга караган түнү тандоо оюндары өтүп, анда турнирге катышуучу командалардын саны дагы кеңейди.
"Евро-2024" турнирине катыша турган 24 команданын 20сы жолдомону камсыздады. Алар: Испания, Шотландия, Франция, Нидерланды, Англия, Италия, Түркия, Албания, Чехия, Бельгия, Австрия, Венгрия, Сербия, Дания, Словения, Румыния, Швейцария , Португалия жана Словакия.
Коңшу Казакстан дагы сенсациялуу оюндарды өткөрүп, турнирге жолдомого бир кадам жетпей токтоду. Эми алардын Улуттар Лигасынын плей-офф баскычында турнирге жолдомо үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.