Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Оман курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мелдеш Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт.
Ал эми беттешке ирандык адистер калыстык кылат. Башкы калыска Саед Гасеми жана Алиреза Илдором жардам беришсе, Каземи Сейдвахид резервдик арбитрдин милдетин аткарат.
Беттеш саат 19:00дө башталат. Анда кыргызстандык футболчулар ак формада, ал эми алардын атаандашы омандыктар кызыл түстөгү кийимде ойномокчу.