Бишкекте бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын кубогу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеш 23-27-ноябрда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Ага 2009-2010-жылдары туулган өспүрүмдөр катышат.
Иш-чара жаштар арасында биринчи Дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун урматына арналат.