Акылбек Жапаров президенттин командасын Манастын “Кырк чоросуна” салыштырды

Садыр Жапаровдун командасынын негизги жетишкендиги катары саясий коррупцияны демонтаждоо болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 23-ноябрда парламентте билдирди.

"Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды: Мындан тышкары Мегаком (300 миллион$), Бител (75 миллион$), Манас банк (18 миллион$), Таш-Көмүрдөгү (60 миллион$) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик. Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду, анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты", - деди Жапаров.

Анын айтымында, президент мамлекетти иретке келтирүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.

"Азыр министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, президенттин командасын Манастын "Кырк чоросуна" салыштырды.

"Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок. Баарыбыз Манастын 40 чоросундай күчтүү команда болуп иштедик. Ынтымак болбосо баары жоголот, бирөө айдалып Каңгайга, бирөө айдалып Алтайга, бирөө тентип эренге, бирөө түшүп тереңге кетет. Эл таруудай чачырайт. Миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат. Элдин байлыгы, көптүгү, баатырдыгы түккө турбай калат. Биримдик, ынтымак, акыл-эс, билим жана күчтүү саясий эрк — азыр мунун баары бизде бар",- деди Жапаров.

Эскерте кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңеште 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчётту кароонун алкагында Акылбек Жапаров баяндама жасап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан