"Газпром Кыргызстан" Жогорку Көк-Жар калктуу конушуна жаратылыш газын берди

Бүгүн Жогорку Көк-Жар калктуу конушуна жаратылыш газын технологиялык берүү аземи ийгиликтүү болуп өттү. Аталган долбоордун артынан эми 800дөн ашык тургун үйлөрүн экологиялык таза жаратылыш газы менен жылыта алышат.

Жумуштар белгиленген мөөнөттөрдөн эрте аяктаган. Жалпысынан компания Жогорку Көк-Жарда 4 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармак курган. Мындай кадам кыштын ызгаар суугун жылуу үйлөрдө тосуп алууга өбөлгө түзүп, жашоочулардын көптөн күткөн окуясы болду.

Анарбек Усупбаев, Жогорку Көк-Жар калктуу конушунун тургуну:

«Биз бул жерде 20 жылдан бери жашайбыз. Бул убакыт бою электр энергиясы менен үйдү жылытчубуз. Бирок өткөн жылдан бери электр энергиясын пайдаланууга чектөө коюшту. Жана биз, албетте, эми кантип кыштан чыгабыз деп ойлонуп калдык эле. Ырас, конушубузга газ берилип калды. Эми баары сонун. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилигине рахмат. Компаниянын жамааты ыкчам жана ырааттуу иштешти: зарыл инфраструктураны куруп, биздин конушту тез арада газга кошуп беришти».

Хуршидам Абдуллаева, №20 кварталдык комитеттин төрайымы:

«Бүгүн бизде кубанычтуу күн. Бизге көптөн күткөн жаратылыш газы келди. Белгилей кетсем, азыркы учурда Айыл банк жана РСК Банк мамлекеттик банктары жылына 8% жана 12% жеңилдетилген насыяларды берип жатышат. Каржы таба албагандар үчүн үйдү газга туташтырууга абдан ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлдү».

Жогорку Көк-Жар калктуу конушуна жаратылыш газын бере баштоо процессин Бишкек ш. вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов көзөмөлдөп турушту.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев айлана-чөйрөгө олуттуу таасирин жана калкты ишенимдүү энергоресурс менен камсыздалышын айтып, энергетиканы модернизациялоо боюнча стратегиясынын контекстинде жаңы райондорду газдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Учурда Бишкек шаарынын негизги көйгөйү кара түтүн-ыш маселеси болуп саналат. Аны чечүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири – калктуу конуштарды газдаштыруу. Жыл башында Бишкек мэриясы жана «Газпром Кыргызстан» компаниясы бул багытта жол картасына кол коюшкан. Бүгүн дагы бир калктуу конуш жаратылыш газына кошулду, ал Бишкек шаары боюнча быйыл газдаштырылган бешинчи конуш.

Газдаштыруубул баарынан мурда ыңгайлуулук, жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүп чыгарылышын азайтат. Газ экологиялык жактан да эффективдүү: ыш жана көө жок, бул шаардыктардын жашоо сапатын кыйла жакшыртат. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө саясатына жакшы таасирин тийгизет, анткени жаратылыш газын колдонуу электр энергиясын аз талап кылат. Белгилей кетсек, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын калктуу конуштарды газдаштырууга жумшаган инвестициясы кыйла көбөйгөн. Ошону менен бирге газдаштырылуучу конуштардын саны да көбөйдү».

Үстүбүздөгү жылы газдаштырылган калктуу конуштар:

• «Ак-Тилек» конушу – 6,5 км,

• «Ак-Тилек-2» конушу – 4,3 км

• «Ак-Тилек-Турбаза» конушу – 4 км

• «Ала-Арча» конушу – 12,2 км

• «Жогорку Көк-Жар» конушу – 4,1 км

• Новопавловка айылынын 3 тилкеси– 42 км

• Селекционное айылы – 7,7 км

Жакын арада төмөнкүдөй калктуу конуштарда жумуштар аяктайт:

· «Бакай-Ата» конушу – 16,2 км

· «Төкөлдөш» конушу – 11,3 км

· «Попеновка» конушу – 2,5 км

· «Товарная» конушу – 3,8 км

· Новопавловка айылынын 6 тилкеси – 104 км

Жалпысынан быйыл 218 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулат. Ишенимдүү энергоресурсуна 40 миңден ашык адам жеткилик алат.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары:

«Бүгүн Жогорку Көк-Жар калктуу конушунун жашоочулары үчүн кубанычтуу күн. Биз 4 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармактын курулушун аяктадык, ошону менен дагы 800 бишкектик жаратылыш газына кошулууга мүмкүнчүлүк алышты. Белгилей кетсем, буга чейин 2017-жылы Октябрь районунда "Көк-Жар" конушун газдаштырганбыз. Ал үчүн 60,8 км газ түтүктөрү жана 5 газды жөнгө салуу пункту курулган. Ал эми өткөн жылы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылы газдаштырылган. Анда 2022-жылы биз 55,7 км газ бөлүштүрүүчү тармактарды жана 3 газды жөнгө салуучу пункту пайдаланууга берилген. Муну менен биз шаардын экологиялык кырдаалын жакшыртууга өз салымыбызды кошуудабыз».

Жаңы аймактарды газдаштыруу Кыргызстанды газдаштыруунун башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылууда. Компания тарабынан газдаштырылган калктуу конуштардын саны жылдын аягына чейин 53кө жетет.

Газ менен жылытууга өтүү – убакыттын талабы. Өлкөдөгү энергетикалык кризистин шартында бул маселе өзгөчө актуалдуу. Ордо калаадагы олуттуу экологиялык көйгөйлөрдөн улам, көмүр менен жылытуу да жагымсыз, дешет эксперттер. Салттуу жылуулук булактарына ден соолукка коопсуз жана жеткиликтүү альтернативажаратылыш газы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан