Бишкекте баңгизатын ташууда курьер болушкан деген шек менен 2 студент кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип, “Телеграм” каналы аркылуу куратор делген адамдан буйрутма алышкандыгы аныкталган. Шектүүлөрдүн иши Бишкектин жана Чүйдүн аймагында "кыстармаларды" жүргүзүүдөн турган.
Милиция кызматкерлери алардын 20дан ашык "кыстармаларын" табышкан. Анда термо-кичирейтилген, анын ичинде α-пирролидиновалерофенонго окшош өзгөчө жыты бар ак порошок түрүндөгү зат болгон. Табылган баңгизатынын жалпы салмагы 24 граммды түзгөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) жана 180-беренеси (Баланы кылмыш жасоого тартуу) кылмыш иштери козголгон.
Кармалгандардын бири Жаза аткаруу кызматынын Вознесеновка айылындагы №14 тергөө абагына, экинчиси Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.
"Учурда "Tелеграм" уюлдук мессенжери аркылуу жаштарды ишке тартып, “кыстарма” жүргүзүү катары иш менен камсыз кылып жаткан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.