Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болот

Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюмунун башкы катчысынын орун басарларынын бирине кыргызстандык Таалатбек Масадыков дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Анын талапкерлигин мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бекиткендиги Минскиде өтүп жаткан ЖККУнун саммити учурунда маалым болду.
"Садыр Жапаров 2024-жылдын январынан тарта башкы катчынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөөрүн белгиледи. Бул кызматка дайындоо үчүн мамлекет башчысы тарабынан президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан