"Улуу эл экенибизди даңазалагыбыз келди". "Эгемендүүлүк" даректүү тасмасынын режиссёру менен маек

SUPER.KG порталы буга чейин “Эгемендүүлүк” аталышындагы даректүү тасма жарык көргөнү боюнча жазган. Бул ирет аталган тасманын режиссёру менен маектешип, фильм тууралуу кеңири маалымат алууну туура көрдү.

Жогоруда аталган тасма GM Entertainment компаниясы тарабынан тартылган. Биздин суроолорубузга анын режиссёру Каниет Дубаев жооп берди.

- Алгач тасма тууралуу кеңири маалымат берип өтсөңүз?

- “Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндү чагылдырган визуалдык баяндама. Тасма – 31-август өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарында болуп өткөн мааракени мисалга алып, бардык түзүмдөрдүн жана жарандардын макулдашылган ишинин мыкты натыйжаларга жетишүүгө тийгизген таасирин изилдейт. Бул киноматографиялык долбоор ар бир адамдын маанилүүлүгүн жана алардын жалпы өнүгүүгө кошкон салымын көрсөтөт. Бул бирдиктүү механизм катары иштеген бардык жарандардын биргелешкен аракети Кыргызстанды кандай өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө кандай салым кошо турганын көрсөтөт. “Эгемендүүлүк” даректүү тасмасы - эгемендүүлүк күнүн эле эмес, коомдук кызматташуу, бир максатка умтулуу улуттун келечегин кандайча өзгөртө аларын баяндайт.

- Фильмды тартуу идеясы качан, кантип пайда болду эле?

- Ушундай тариздеги тасма тартуу идеясы Улуттук маданий борборунун жетекчилиги тарабынан айтылган. Аны жаратуудан бирден-бир максат тарыхта кала турган тасма болсо деп айтышкан.

- Демек, мамлекет тарабынан каржыланган долбоор экен да?

- Бул менин алгачкы эмгегим эмес. Буга чейин да мотивация бере турган долбоорлорду ишке ашыргам. "Көчмөндөр оюндарында" волонтёрдук боюнча тасма жаратып, ал көпчүлүктүн алкышын алган. Андан кийин "Түрксой" деген эмгекти тарттык. Ал эми бул ирет фильмди тартуу боюнча сунушту аз убакыт калганда айтып калышты. Ошол эле учурда каражат да каралбаганын билдиришти. Ага карабай биздин команда макул болдук. Анткени мамлекет үчүн эмгек жаратууга биз да абдан кызыкдарбыз. Тасмага кеткен каражаттын баары биздин компания тарабынан каржыланды. Ал эми мамлекет тарабынан бир аз жардам болду. Тасма Ош менен Бишкекте тартылды да, мындайда самолёттун билетин төлөп, жатакана маселесин чечип беришти. Калган акчанын баары өзүбүздүн чөнтөктөн эле кетти.

- Бул тасма менен эмнени айтайын дедиңиздер? Негизги максаты эмне болду?

- Биринчи кезекте биздин улуу эл экенибизди даңазалагыбыз келди. Ошол эле учурда элибиздин ынтымагын тасма аркылуу көрсөтүп, калың элди биримдикке чакыралы дедик. Сырттан карап турбай, баарыбыз биригип, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак" мамлекетибиз өнүгөт дегенди айткыбыз келди.

- Фильмди элге жеткирүүдө кандай аракеттер көрүлдү?

- Тасма даяр болгондо биз анын презинтациясын өткөргөнбүз. Анда президенттик аппараттын өкүлдөрү келип катышкан. Андан кийин президентибизге көрсөтүлүп, ал биздин эмгекти жактырып, телеканалдарга коюуга уруксат беришти. Биздин эмгек УТРКнын жана аймактардын каналдарынын баарында көрсөтүлдү. Мындан сырткары биздин компаниянын ютубдагы расмий баракчасына да жүктөлгөн. Мындан сырткары, элге көбүрөөк тарасын деген максатта башка платформаларга да фильмди жүктөөгө уруксат бергенбиз.

- Тасманы жаратуучулар тууралуу айтып, фильм канча убакытта даяр болгонуна токтолсоңуз?

- Тасма 90 күндүн аралыгында Ош жана Бишкек шаарларында тартылган. Тасмага мен режиссёрлук кылсам, ал эми аткаруучу продюсери Калыс Майрамбек уулу, оператор-монтажёру Улукбек Бердалиев, графикалык дизайн монтажёру Мирлан Нурбеков, сценаристтер Майсалбек Курбаналиев, Адэль Козубаева болду.

- Маегиңиз үчүн рахмат. Ийгилик болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан