Казакстанда эл аралык мелдешке даярдалып жаткан таза кандуу аргымак согумга союлуп кетти

Коңшу Казакстандын Караганды облусунун Шет районунда бир жарым миллион теңге турган таза кандуу англо-араб жылкысы уурдалып, союлду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, полицияга 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ат чабыш үчүн атайын сатып алган жана аны эл аралык мелдештерге даярдап жаткан аргымагын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 500 миң теңгени түзгөн.

Бул арыздын негизинде полиция посттордогу кызматын күчөтүп, жолдон өтүп бара жаткан унааларды текшерүү учурунда кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар 23 жана 54 жаштагы эки адам болгон.

Кылмышка шектүүлөр берген көрсөтмөсүндө уурдалган жылкыны согумга союп алышканы белгилүү болгон.

Эми алар 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан