Желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүү сунушталууда (сүрөт)

Желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитетинин жыйынында маалым болду.

Анда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Дастанбек Жумабеков демилгечилерге азыркы туу эмнеге жакпай калгандыгына кызыкты

"Күндүн нуру сиздер көрсөткөндөй болуп түз тиет деген физикалык далил барбы? ", - деди Жумабеков.

"Туу жакпай калгандыктан өзгөртүп жаткан жерибиз жок. Ар бир көрүнүштү өзүбүздүн көз карашыбыз менен кабылдайбыз. Физикалык көрсөтмөлөргө таянып жаткан жокпуз. Тууну өзгөртүү физикалык далил же кандайдыр бир интерпретацияда талкуулоочу иш эмес го деп эсептейбиз”, - деп жооп берди Улан Примов.

Жумабеков анда эмнеге азыркы тууну күн карамага теңеп жатасыңар деп нааразы болду.

"Туу 30-40 пайызга чейин өзгөрүп жатпайбы. Азыркы туудагы түндүктүн үч чамгарагы бар. Сунушталган тууда төртөө экен, өзөгү өзгөрүп жатпайбы, бул чоң өзгөрүш", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 28.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан